Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

"Тынчтык кесеси" эл аралык искусство фестивалы өтөт


14-22-майда алгач Бишкекте, андан кийин Ысык-Көл жээгинде "Тынчтык кесеси" деп аталган эл аралык искусство фестивалы өтмөй болууда. Бул тууралуу анын уюштуруучусу - белгилүү америкалык композитор жана дирижер Джоэл Шпигелмандын эл аралык фондунан кабарлашты.

Фестивалга Орусия, Мексика, Венесуэла, Италия, Израил жана АКШдан камералык, симфониялык оркестрлер, фортепиано, пианино жана башка аспаптарда дүйнөлүк классика чыгармаларын аткарган артисттер катышат.

Сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, документалдык тасмалар көрсөтүлөт. Экономика темасында илимий конференция өтөт. Көл жээгинде көркөм кечелер жана концерттер уюштурулат. Иш-чаранын соңунда Шпигелман фонду менен кыргыз тараптын ортосунда кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлат. (RK)

XS
SM
MD
LG