Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Тажикстандан жети киши Меккеге жөө жөнөштү


Исламдагы беш парыздын акыркысы – Меккеге ажырык зыяратына барып келүү - милдетин аткарыш үчүн жөө жөнөгөн ал кишилер Ооганстандын чек арасынан өтүшкөнү кабарланууда. Алар жалпысынан 4 миң 600 чакырым жерди басып, төрт мамлекетти кесип өтүшү керек.

Жашы 60 тегерегиндеги бул кишилер ачкасы аз экенин, эч кандай камсыздандыруучу күбөлүктөрү жок экенин, түнкүсүн мечиттерде эле түнөйбүз деп болжоп жатышканын айтышкан. Эгер баары ойдогудай өтсө, алар ажылык учурунда, октябрдын этегинде, Сауд Арапстанга жетишет.

Меккеге жөө жөнөгөндөрдүн тобун мурдагы атлет Абдулазиз Ражабов жетектейт. Ал ажылыкка буга чейин да жөө барып келген экен. Тажик бийликтери аларга виза алып берүүгө көмөктөшкөнү кабарланууда.

XS
SM
MD
LG