Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Англияда өспүрүм кыздарды сексуалдык катнашка тарткан азиялык тогуз киши камалды


Британияда бойго жете элек кыздарды арак ичип, баңги колдонуп, төшөккө жатууга азгырган тогуз пакистандык жана ооган кишиси түрмөгө камалышты. 22-59 жаштын ортосундагы бул кишилер эң кичүүсү 13 жаштагы өспүрүм кыздарды сексуалдык катнашка тартышкандыгы жана башка кылмыштары үчүн айыпталышты. Бул топтун лидери 19 жылга, калгандары төрт жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышты.

Соттолгондордун баары түштүк-азиялыктар, ал эми курмандыктар европалык кыздар болушкандыктан, улутчул топтор буга кескин нааразылык билдирип, Ливерпулдагы соттун алдына митингге чыгышты.

Окуя Англиядагы Манчестер шаарына жакын жердеги шаарчада болгон эле. Бул тууралуу алгач 2008-жылы маалым болгон.

XS
SM
MD
LG