Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Барак Обама Владимир Путинди куттуктады


АКШ президенти Барак Обама Владимир Путинди Орусиянын президенттик кызматына расмий киришкени менен куттуктады. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө президенттер эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын өнүктүрүү тууралуу талкуулашты.

Соңку кезде Владимир Путин парламенттик шайлоодон кийин нааразылык чараларын уюштурган тараптарды колдоп жатат деп АКШга бир канча ирет сын айткан. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер болсо Орусияда тынч жыйынга чогулгандарды полиция кууп таратып, камап жатканына тынчсыздануу билдирип, орус бийлигин сөз эркиндигин жана адам укугун урматтоого чакырган.

XS
SM
MD
LG