Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Обама сексуалдык азчылыктарды колдоду


АКШ президенти Барак Обама АВС телеканалындагы маегинде бир жыныстуулар дагы үй-бүлө катары каттоодон өтүп жашашы керектигин айтты. Бирок бул маселе боюнча ар бир штат өзүнчө мыйзам кабыл алса болоорун белгиледи. Мындай ачык билдирүүнү буга чейин бир дагы президент коомчулук алдында айта элек болчу. Сексуалдык азчылыктар тарабынан түзүлгөн кыймылдар Обаманын бул сөзүн “тарыхый” деп баалап жиберишти.

Байкоочулар Обаманын бул билдирүүсү консерваторлор тарабынан катуу сынга алынаарын белгилешүүдө. Алдыдагы президенттик шайлоодо Обаманын атаандашы боло турган Митт Ромни бир жыныстагы адамдардын үй-бүлө курушуна каршы ойдо экенин айткан.

XS
SM
MD
LG