Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Орусияда эки оппозиционер 15 суткага камалды


Москвада сот бир канча күндөн бери президент Владимир Путинге каршы “элдик сейилдөө” акциясын уюштуруп жаткандардын ичинен Алексей Навальный менен Сергей Удальцовду 15 суткага камоо чечимин чыгарды. Сот аларга полицияга баш берген эмес деген айып такты. Бирок Навальный менен Удальцов муну “саясий чечим” деп аташты. Москвадагы адам укугун коргогон уюмдар бийликтин жоругун катуу сынга алышууда.

Эки лидер камалгандан кийин нааразычылык акциясына келип кошулгандардын саны Москвада көбөйүп кетти. Соңку кезде Путиндин саясатын сынга алгандар дээрлик күн сайын акцияга чыгууда, бирок аларды полиция таратып, каяша айткандарын кармап кетүүдө. Кечээ кечинде акцияга чочконун сүрөтү түшүрүлгөн костюм кийген 8 кыз келип кошулуп, полициянын эскертүүсүн алды. Орус оппозициясы президенттик жана парлмаменттик шайлоону “көз боёмочулук” менен өттү деп айыптап, кайра шайлоону талап кылып жатышат. Мындай дооматтарды президент Путин четке каккан.

XS
SM
MD
LG