Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Путин “чоң сегиздик” жыйынына барбайт


Кызматына жаңыдан киришкен Орусия президенти Владимир Путин 18-19-майда АКШда президент Барак Обаманын резиденциясында өтчү “чоң сегиздиктин” жыйынына барбай турган болду. Мунун себебин Путин министрлер кабинетин түзүү зарылдыгы, жаңы жумушунун башталышы менен түшүндүрдү. “Менин ордума премьер-министр Дмитрий Медведев барат”, - деди Путин Барак Обама менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө. Кечээ АКШ президенти Обама Путиндин президенттик кызматка расмий киришкени менен куттуктап телефон чалган. Эки президент “чоң сегиздик” жыйынында эмес, башка экономикалык форумда кездешүүгө макулдашты.

XS
SM
MD
LG