Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Астанада кыргыз-казак кызматташтыгы талкууланат


Кыргыз мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Казакстанга расмий сапарга жөнөп кетти. Эки күндүк расмий сапарга кыргыз президентин Казакстан башчысы Нурсултан Назарбаев чакырган. Бүгүн түшкө маал эки өлкөнүн президенттери өзүнчө сүйлөшүп, андан кийин делегациялардын толук курамында кеңейтилген форматта сүйлөшүү өтөт. Жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол коюлмай болуп жатат.

Президентти жубайы Раиса Атамбаева коштоп жүрөт. Расмий делегациянын курамында президенттик аппараттын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, элчи Эсенгул Өмүралиев, экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев, энергетика жана өнөр жай министри Аскар Шадиев, Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков, Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов, Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов, Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асейин Исаев жана Курулуш жана аймактык өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Нарбаев бар.

Кабарчыбыз Бакыт Асановдун билдиргенине караганда, Астана сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев "Хабар" агенттигине маек курат. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG