Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Ноокен: Суусуз калгандарга таза суу ташылып келүүдө


Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Шайдан айыл аймагында ичкенге суусу жок калгандарга суу ташылып берилүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" район акимчилигинен кабарлашты. Ал эми сугат суу маселеси азырынча толук чечилип бүтө элек.

7-майда түшкө маал жамгырдын кесепетинен Жаны-Турмуш айылына суу келүүчү Жаңы-Арык каналы шагыл ылайга толуп, эки жеринен 30-40 метр аралыктагы каналдын жер кыртышын агызып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азыркы учурда 350 үй-бүлөнүн ичүүчү жана сугат суусу жок экенин кабарлаган болчу. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG