Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Путин менен Обаманын жолугушуусу кийинкиге калды


Путин менен Обаманын алгачкы кездешүүсү. 7-июль, 2009-жыл, Москва.
Путин менен Обаманын алгачкы кездешүүсү. 7-июль, 2009-жыл, Москва.
Путин Чоң сегиздин ушул айдын соңунда Вашингтондун жанында өтүүчү саммитине катышпай турганын Кремль бүгүн ырастады.

Ал саммиттин учурунда АКШ жана Орусия президенттеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү да күтүлгөн эле. Кремлдин түшүндүрмөсүнө караганда, орус президенти саммит өтүүчү 17-18-майда жаңы өкмөттү куроо менен алек болот.

Саммитке президенттин ордуна премьер-министр Дмитрий Медведев барат.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, Путин менен Обама кечээги телефон сүйлөшүүсүндө Чоң жыйырманын 18-19-июнда Мексикада өтүүчү саммити учурунда жолугушууну макулдашты. (UE)

XS
SM
MD
LG