Отту тутандыруу жөрөлгөсү бүгүн мындан 2800 жыл илгери алгачкы оюндар өткөн Байыркы Олимпиа жергесинде болду. Эл аралык Олимпиада комитетинин салтанатка катышкан президенти Жак Рогге өз сөзүндө буларды белгиледи:
- Биз бүгүн бул жерде Күндүн нурларында тутандырган от биздин кыймылдын негизинде түзгөн салттар менен баалуулуктардын кубаттуу символу. Ал - Олимпиаданын достук, чеберчилик, сый-урмат өңдүү баалуулуктарынын жол көрсөткүчү. Ал - бир туугандыктын жана тынчтыктын символу.
Олимпиада оту эми Афинада 17-майда Британияга расмий өткөрүлүп бергенге чейин Грециянын өзүндө 2900 чакырым аралыкты кыдырат. Андан кийин 27-июлда Лондон Олимпидасынын ачылышына алынып келингенге чейин 70 күн бою Британиянын 1000ден ашуун шаар-кыштактарын аралап, 12800 чакырым жолду басып өтөт. (UE)