Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Казак президенти августта Кыргызстанга келет


Казак президенти Нурсултан Назарбаев август айында Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу бүгүн Астанада өткөн кыргыз-казак жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүнүн жыйынтыгында айтылганын кабарчыбыз Бакыт Асанов билдирди.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен бүгүн Казакстанга эки күндүк расмий сапар менен барды. Эки президент өзүнчө сүйлөшкөндөн кийин журналисттер алдына чыгып жаңы стратегиялык өнөктөштүк боюнча билдирүү жасашты.

Андан кийин кеңейтилген форматта министрлердин катышуусу менен жолугушуу өттү. Энергетика, тоо кен иштетүү, айыл чарбасы, траспорт жана байланыш тармагында кызматташтыкты күчөтүү боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берилди. Жыйынтыгы Назарбаев Бишкекке келгенде өтө турган мамлекет аралык кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизилет.

Мамлекет аралык кеңеш 2007-жылдын апрел айында казак президентинин Бишкекке расмий сапарынын алкагында түзүлгөн. Эки өлкө ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө келишим 1997-жылы кабыл алынган. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG