Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Грузия: мейманканада кыргыз кыздын сөөгү табылды


Грузиянын курорттук шаарчасындагы мейманканада кыргыз жаранынын сөөгү табылган. Саucasus Press агенттиги тараткан бул маалыматты “Азаттыкка” Грузиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Зураб Гвенетадзе ырастады.

Анын айтымында, 1987-жылы туулган А.Т. ысымдуу кыргызстандык жарандын асылган денеси Ажария чөлкөмүнүн Гонио шаарчасындагы мейманкананын бөлмөсүндө табылган:

- Грузиянын Кылмыш кодексинин “өзүн өзү өлтүрүүгө алып баруу” деген 115-беренеси боюнча тергөө башталды. Учурда экспертиза жүрүп жатат, ушундан кийин кандайдыр бир маалыматтар чыгат. Ал мейманкананын бөлмөсүндө асынган. Анын денесинде күч колдонуунун кандайдыр бир белгилери болгон эмес.

Зураб Гвенетадзе кошумчалагандай, окуя мейманканада болгонун эске алганда кыргызстандык жаран ал жерге турист катары келгендей. (UE)

XS
SM
MD
LG