Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Орусия: тартип бузгандар жарым миллион рубль төлөшү мүмкүн


Мамлекеттик Думадагы “Бирдиктүү Орусия” фракциясынын депутаты Александр Сидякин митигдердин же массалык акциялардын жүрүшүндө башаламандык кылгандарга айып пулдун өлчөмүн жарым миллион рублга, доллары менен санаганда 49 500 долларга көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. “Азыркы учурда башаламандык кылса, эки миң рубль төлөшөт экен, ушул да айып пулбу?”, - деди депутат Сидякин. Ал ошондой эле 15 сутка административдик жазага тартуунун ордуна 240 саат иштетүү керектигин айтты. Депутаттын бул демилгеси Орусиядагы укук коргоочулардын жана оппозициянын катуу сынына кабылды.

XS
SM
MD
LG