Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Коогадан кийин көп ишкер аял алдамчыларга туш болгон


Бул тууралуу түштүк аймакта июн коогасында жабыркаган ишкер аялдардын абалын изилдөөдө белгилүү болгонун WESA ишкер аялдарды колдоо Ассоциациясынын директору Гулнара Баймамбетова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, жүзгө жакын ишкер аялдын үчтөн бири жардам берүү программаларына кирбей калган. Алардын көбү мурда бизнесин каттоодон өткөрбөй жүргөндөр. Изилдөөдө бул топтогу ишкер аялдарга да жардам берүү зарылдыгы белгиленет.

Изилдөөнүн жыйынтыгы бүгүн Ош шаарында, 14-майда Баткенде талкууланат. Ага жабыркаган аялдар, бейөкмөт уюм жана мамлекеттик бийлик өкүлдөрү чакырылган.

Изилдөөгө он күндөй убакыт кетип, 100дөн ашуун ишкер аял суралган. Иш-чара БУУнун колдоосу менен уюштурулууда. 2010-жылдын июн айында Ош жана Жалал-Абадда улут аралык жаңжалда миңдеген бизнесмендер жабыркаган. Алардын арасында аялдар да көп. (КЕ)

XS
SM
MD
LG