Бүгүн Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети өз жыйынын Ош шаарында өткөрөт. Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жыйында Сулайман тоо улуттук тарыхый, архелогиялык музей комплексинин аймагындагы мыйзам бузуу фактылары териштирилет.
Алгач депутаттар Сулайман тоонун жака-белиндеги мыйзамсыз курулуштар менен таанышат. “Эгер мындай курулуштарды салуу улана берсе Сулайман тоо ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесинен чыгып калышы мүмкүн” – дейт Осмоналиев.
Мындан сырткары кыргызстандыктардын Мекеге заяратка баруусун уюштуруу маселеси каралып, муфтий Чубак ажы Жалилов маалымат берет. (КЕ)