Москва облусунун Одинцово шаарынын четиндеги дачада өрт кырсыгында мерт болгон эки кыргызстандыктын өздүгүн тактоо иши дагы эле уланууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. 27-апрелде Жаворонки-1 дачасындагы үйлөрдүн бирине электр зымын өткөрүп иштеп жаткан эки кыргызстандык күйүп кеткени, өрт капысынан чыкканы айтылууда. Мурдараак айрым маалымат булактарында Одинцоводо Баткендин Кадамжай районунан барып иштеп жаткан эки мигрант - 41 жаштагы Адилжан Нишанов жана 47 жаштагы Жарбек Назаров каза тапканы айтылган болчу. (RK)