Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

16 мигранттын сөөгү жерге берилди


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Чарбак айылында 16 мигранттын сөөгү мындан бир саат мурда жерге берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. 8-майда Чарбак айылынан чогуу чыгып Орусияга иштегени бараткан мигранттар Казакстандын Караганда шаарына келгенде жол кырсыгына кабылган. Кичи автобустун ичиндеги 18 кишинин 16сы мерт кеткен, арасында төрт айлык кыз да бар болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын унаасы менен сөөктөр кечээ Карагандадан Бишкекке алынып келген. Өлүкканада маркумдардын өздүгү дагы бир сыйра такталып, сөөктөр жуулуп, текшерүүдөн өткөндөн кийин кайра ошол эле унаа менен кечинде Базар-Коргонго жөнөтүлгөн болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG