Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Жунусов: Туризм үчүн жагымдуу шарт түзүү керек


Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн кеңири шарттар түзүлүшү керек. Мындай пикирин бүгүн маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов 14-эл аралык туристтик жарманкенин ачылышында билдирди. Жарманке көл жээгиндеги «Кыргыз деңизи» пансионатында өтүп жатат.

Министрдин айтымында, туристтерди тартууда маданияттын ролу зор. Андыктан кооз жерлерди, тарыхый-маданий коруктарды жана музей-коруктарды бир системага келтирип, тиешелүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу зарыл.

Жарманкеде 100гө жакын курорт, турфирмалар ортосунда келишимдер түзүлөт. Коноктор менен журналисттер үчүн атайын тур уюштурулат. Ошондой эле ИИМ, ТИМ жана чек ара, бажы кызматтарынын өкүлдөрү катышкан маалымат жыйын өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Маданият жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Эркин Каимов билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG