Ысык-Көл облусунда быйылкы жылдын башынан бери 137 килограмм маңзат колго түшүрүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” маңзат көзөмөл башкармалыгынын башчысы Таалай Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, төрт айда маңзат ташуу, сатуу жана катууга байланыштуу 94 факт катталды. Былтыркы жылдын ушул маалында кармалган маңзаттын жалпы көлөмү жети килограммга азыраак болчу. Эң көп факт Ысык-Көл, Ак-Суу, Түп райондорунда жана Каракол шаарында катталды. Былтыр беш айда маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу 102 факт аныкталган. (MK/RK)