Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

Аксы менен Ала-Букада сел кесепеттери менен алышып жатышат


Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунда 9-май күнү өткөн селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. 10-майда аталган эки районду өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кыдырып чыкты. Эл менен жолугуп, тез арада чечүүнү талап кылган маселелерди аныктап келди.

Министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Аксы районунун Кара-Жыгач, Кара-Суу айылдык аймактарында жаандан пайда болгон сел суусу жолдорду, каналдарды жана айрым үйлөрдү каптаган. Адам өмүрүнө зыян тийген жок.

Чек арада жайгашкан 1-Май айыл аймагында калк менен жолугушууда министр Боронов Ала-Бука районуна дарыялардын жээктерин бекемдөөгө габион торчо, 30 тоннадан ашык цемент, керектүү өлчөмдө кара май берилээрин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG