Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Кыргызстанда ВИЧ жуккандардын 27 пайызы - аялдар


Кыргызстанда ВИЧти жуктуруп алгандардын 27 пайызы - аялдар. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" республикалык "СПИД" борборунун ВИЧти аныктоо бөлүмүнүн башчысы Лерон Сайдашев билдирди.

Анын айтымында, акыркы расмий маалыматтар боюнча азыр Кыргызстанда 3995 киши ВИЧ инфекциялуу. Мунун ичинен 61% баңгилер, аларга ийне аркылуу жуккан. Мурда мындай жол менен ооруга чалдыккандар 90% болчу.

Жыныстык катнаш аркылуу ВИЧ жугузуу учурлары көбөйө баштаганы айтылууда. Мурда мындай жол менен илдеттин жугушу 9-10% тегерегинде болсо, азыркы күнү 27% ашып кетти.

Сайдашевдин айтымында, ВИЧ/СПИДден текшерилүү азыр жеңил. Кыргызстандын 44 районунда бул илдетти аныктоочу лабораториялык иликтөөчү станция иштейт. Ал жерден ВИЧке текшерилүү акысы 35 сом турат. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG