Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Калилов: Интернетте эмдөөгө каршы үгүт жүрүүдө


Айрым интернет булактарда балдарды медициналык эмдөөгө каршы үгүт иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн Иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Жолдош Калилов билдирди.

Анын айтымында, 21-27-апрелде Кыргызстанда, айрыкча Ош жана Жалал-Абад облустарында эмдөө боюнча кошумча иштер жасалды. Убагында эмделбей калган балдар эмделди. Бирок айрым ата энелер диний көз карашынан улам жана вакциналардын сапатынан күмөн санагандыктан балдарын эмдөөгө бербей жатышат. Бул өз кезегинде балдардын ар кандай оор жугуштуу дарттарга чалдыгуусун шартташы мүмкүн.

"Интернетте эмдөөгө каршы кеңири акция жүрүүдө". -дейт Калилов.

Кыргызстандын эмдөө боюнча улуттук жадыбалы бар. Ага ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайдан тартып чоң кишилерге чейин белгилүү бир жашка келгенде эмдөөдөн өтүп турушу керек. (RK)

XS
SM
MD
LG