Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Жалал-Абадда сел жүрдү


Түндө нөшөрлөп жааган жаандан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондорунда, Таш-Көмүр шаарында сел жүрдү. Селдин кесепетинен Базар-Коргондо 1,5 миңдей турак жайдын тамаркалары менен короо жайлары, айдоо аянттары жабыркады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, ушул тапта суу каптаган турак жайлардын саны такталып жатат. Аймакта министр Кубатбек Боронов баштаган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу, облустук жана райондук башкармалыктан түзүлгөн ыкчам топтор куткаруу жана тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө. Бекиловдун айтымында, буга тиешелүү техникалар жана куткаруучулар жетиштүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG