Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Баткендин 3 айылында 20 күндөн бери суу жок


Баткен районунун Кыштут айылында 23-апрелде катуу жаандан сел жүрүп, Таян, Кедей көрбөс, Чарбак айылдарына келүүчү таза суу жана суугат суу токтоп калган. “Селден жабыркаган 3 чакырымдай каналды ондоп түзөө иштери жай жүрүп жаткандыктан 20 күн өтсө да иш жылбай жатат”, – деп билдирди “Азаттыкка” Таян айылынын тургуну Амиракул Алтымышов. Анын айтымында, суунун жоктугунан айдалган эгиндер куурап баштаган, мындан тышкары тургундар 4 чакырым алыстыктан суу ташып ичүүгө мажбур болушууда.

Жергиликтүү бийлик каналды калыбына келтирүү үчүн 25 тоннадай цемент керектелерин билдирип, колдон келген аракеттер жасалып жатканын маалымдоодо.

23-апрелде Кыштут айылында катуу жаандан сел жүрүп, турак жайларды, короо сарайларды жарактан чыгарган. Селдин кесепетинен ички арыктар жана 6 чакырымдай жол бузулуп, жүз чакты мал-жандык селге агып кеткен. (JsA)

XS
SM
MD
LG