Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Литва: Украина оппозициянын укуктарын сакташы керек


Литванын президенти Далия Грыбауискайте ансыз өлкө Европада изоляцияда калаарын эскертти. Грыбаускайте Украинанын президенти Виктор Янукович менен Киевде жолукту. Анын алдында Литванын президенти Харьковдун ооруканасында жети жылга кесилген экс-премьер Юлия Тимошенкодон кабар алган эле. Тимошенко ооруканда далысы ооруп жатат. Анын ден соолугу апрел айындагы ачкачылык акциясынан кийин дагы начарлап кеткен. Тимошенконун түрмөдө сабалышынан тышкары, анын соту саясий мүнөзгө ээ болгон деп эсептеген европалык лидерлер бүгүн Ялтага пландалган жыйынга келбей коюшту. Мындан тышкары, Европа Биримдиги келерки айда футбол боюнча европалык чемпионаттын Украинадагы бөлүгүн бойкоттоого чакырууда. JCH

XS
SM
MD
LG