Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Ош, Баткен облустарында жер силкинди


Очогу Тажикстандын Куляб шаарына жакын болгон жер титирөөнүн эпкини Кыргызстандын Ош, Баткен облустарына да жетти. Бүгүн таңга жуук Тажикстандын аталган шаарына жакын жерде күчү алты баллдык жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу шаардан түндүк-чыгышты карай жүз чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бул силкинүүнүн күчү Ош шаарында 3 балл, Баткенде 3,5 баллга жетти. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор жок. (KKs)

XS
SM
MD
LG