Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Мит Ромни көп аял алууга каршы


АКШнын президенттигине Республикачыл партиядан көрсөтүлөт деп болжонгон Мит Ромний бир жыныстагы адамдардын турмуш курушу менен катар полгамияга каршы экендигин бышыктады. АКШ президенттеринен биринчи болуп Барак Обама кумсалар менен лесбияндардын үйлөнүшүн ачык колдоп чыккандан үч күндөн кийин Ромний «христиандык баалуулуктарды жана үй-бүлөгө болгон ишенимди» туу тутаарын билдирди. Мит Ромний мүчө болгон Мормон чиркөөсүндө убагында көп аял алуу кеңири тараган көрүнүш болгон. Ромний мормон дини тууралуу учкай сөз кылып, бирок «христиан эвангелисттеринде үй-бүлө бир эркек менен бир аялдын баш кошушуна негизделет» деди.

XS
SM
MD
LG