Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Москва полициясы нааразылардын чатырына тийбейт


Орусиянын ишки иштер министрлигинин маалымат кызматы баш калаанын тартип коргоочуларына шаардын борборундагы 100 чакты киши чатыр тигип алып отурган туракты бузууга көрсөтмө берилбегенин бышыктады. Мунун алдында көз карандысыз Новая Газета «ишенимдүү булактарга» таянып, туракты буздуруу боюнча «саясий чечим» кабыл алынган деп жазган. Маскөө акиминин орун басары Александр Горбенко "Интерфакска" демонстранттар мыйзамды бузбаса, алардын турагына эч ким тийбей тургандыгын бышыктады.

Демонстранттар Владимир Путиндин президенттик кызматка үчүнчү жолу кайтып келишине нааразы болушууда. Ушул маанайдагы демонстрациялар Орусияда кечээ бир канча шаарларда өттү.

XS
SM
MD
LG