Испаниянын баш калаасында жана башка шаарларда бүгүн экономикалык каатчылыкка нааразы болгон 100 миңдей киши көчөгө чыкты. Сарамжал саясатына жана байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымдын кеңейишине каршы эл аралык аракет күнүндө демонстранттар банкирлерге каршы байрактарды булгалашты. Испанияда жумушсуздук 24 пайызга жеткен, жаштардын жарымы жумушсуз.