Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:09

Грецияда өкмөт куруу боюнча сүйлөшүүлөр уланат


Мамлекеттик теленин кабарына караганда, өлкө президенти Каролос Папулиас бүгүн кичинекей партиялардын лидерлери менен кездешкени жатат.

“Демократиялык Сол” партиясы Грецияны акыркы кырк жылда башкарган “Жаңы демократия” жана социалисттик ПАСОК партиялары менен коалиция куруу үчүн парламенттен жетиштүү добуш бере аларына үмүт аз.

Өткөн жекшембидеги шайлоодо экинчи орун алган солчул СИРИЗА партиясы карыздан чыгуу үчүн Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун насыясын алуу максатында бюджеттик каражаттарды үнөмдөө саясатын жүргүзүүчү өкмөткө кошулбай турганын кечээ дагы бир жол кайталады.

Карызга баткан Грециядагы саясий белгисиздик Евробиримдикти мүшкүлгө салууда. Европа лидерлери эгер Афина мурда жетишилген макулдашууларды аткарбаса насыя берилбесин эскерткен. Бул өз кезегинде, аналитиктердин айтымында, Грециянын банкрот болуп, евроаймактан чыгуусуна алып барышы мүмкүн. (UE)

XS
SM
MD
LG