Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

ЕБ Украинага футболго барбоо маселесин карайт


Украина Европанын келерки айга белгиленген футбол чемпионатынын конок ээлеринин бири. Ага саясий өкүлдөрдүн барбоосу оппозиция лидери, абакта жаткан мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкону коргоо мүдөөсү менен жазалууда. Бул маселени бүгүн Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Брюсселдеги жыйында талкууланганы жатат.

Маселен Евробиримдиктин аткаруучу органы –Еврокомиссия жана Украинада ойной турган өлкөлөрдүн бири Нидерландия өз саясий өкүлдөрүн жибербей турганын буга чейин эле билдиришкен. Бирок биримдиктин айрым өлкөлөрү футбол чемпионатынын Украинадагы бөлүгүнө катышуу, же катышпоо маселесин Киев менен соодалашуу үчүн пайдаланууну көздөп жаткандай.

Кызматынан кыянат пайдаланган деген жүйөө менен былтыр жети жылга кесилген мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко азыр бел оорусун дарылатууда. Түрмө сакчылары тарабынан сабалдым деген Тимошенко өткөн айда ачкачылык да жарыялаган. (UE)
XS
SM
MD
LG