Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Базар-Коргон: Селден зыян тарткан үйлөрдүн саны аныкталды


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 11-майдагы селден жабыркаган айылдарда жардамга муктаждардын саны такталууда. Нөшөр жаандын кесепетинен аталган райондун Акман жана Кеңеш айылдарында көптөгөн тургундардын үй-жайы жабыркаган.

Кеңеш айыл аймагы боюнча 1483 турак үйдүн чарбактарын сел баскан, анын ичинен 374 турак үйгө суу кирген. Азырынча 24 турак үй жараксыз абалга келгени айтылууда.

Акман айыл аймагы боюнча 276 сарай, 168 ашкана, 1 бейтапкана, 1 маданият үйү, 1 соода борбору селден жабыр тарткан. Жалпысынан Акман айыл аймагы боюнча 802 турак үйдүн чарбактарын сел баскан, анын ичинен 202 турак үйгө суу кирген.

Бул маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдон алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG