Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Жаш шахматчылар таймашы аяктады


Бишкекте жаш шахматчылар арасында мелдеш өттү. Аны Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы, коомдук ишмер Дүйшөнбай Тиленбаевдин уул-кыз, неберелери уюштурду. Мелдеш согуш ардагеринин жаркын элесине жана жалпы эле Улуу Жеңиштин 67 жылдыгынын урматына арналды. Эки күнгө созулган турнирге 95 жаш шахматчы катышты.

6 жаштагылардын арасынан биринчи орунду Элдияр Орозбаев ээледи. 8 жаштагылардан Артур Соломко, 10 жаштагы спортчулардын арасынан Адилет Жолдошмаматов жана 15 жаштагылардын ичинен Диана Өмүрбекова баш байге утуп алышты. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылып, сый тамак уюштурулду.

Дүйшөнбай Тиленбаев 1921-жылы Нарындын Оттук айылында туулган, 2005-жылы көз жумган. Ардагердин өзүнүн балдарынын жана небере-чөбөрөлөрүнүн арасында шахмат боюнча республиканын 7 чемпиону бар. (KMa/RK)

XS
SM
MD
LG