Бүгүн таң эртелеп түндүктөгү Фарьяб провинциясынын Гормуч районундагы базарда бомба жарылып кеткен. Ооганстандын ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, коңшулаш провинциянын кеңешинин мүчөлөрүнүн бири да өлгөндөрдүн катарында болчу. Набыт болгондордун калгандары баары жайкын тургундар экени кабарланууда. Азырынча эч ким бул жардырууну биз жасадык деп айта элек, бирок бийликтер мунун артында Талибан турса керек дешет.