Бийликтер түндүк Гималайдагы бүгүн болгон кырсыкта 15 адам өлгөнүн, алтоо тирүү калганын кабарлашты. Полиция билдиргендей, чакан учакта 21 адам болгон. Экипаждын үч мүчөсү баары непалдыктар, 16 индиялык жана эки батыштык жүргүнчү отурган учак жерге коноордо кулап түшкөн эле. Бул аймак туристтер арасында популярдуу деп эсептелет.