Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Сирияда атышууларда 23 адам өлдү


Растан шаарында өкмөттүк аскерлер менен куралчан оппозициянын атышууларында дагы ондогон аскер жаракат алышканын баш-кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары үчүн обсерватория деген уюм билдирди. Бирок бул маалыматты азырынча көз карандысыз тастыктоого мүмкүн болбой жатат. Оппозициянын кабарына караганда, аскерлерди ташыган үч унаа жок кылынган. Мындан мурдараак оппозиция Растандагы кармашта тогуз аскер өлгөнүн айткан болчу. Ал арада Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Сирияда президент Башар ал-Асаддын режимине каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү макулдашышты. Евробиримдик буга чейин да 14 айдан бери уланып жаткан атышууларды токтотуш үчүн бул өлкөгө бир канча ирет жазаноолорду жарыялаган.

XS
SM
MD
LG