Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Ошто “Энелерге кам көрөлү!” жумалыгы өтүүдө


Ош облусунун бийлиги 14-майдан 20-майга чейин “Энелерге кам көрөлү” жумалыгын жарыялады. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү энелер акысыз медициналык кароодон өтөт. Элге кызматы сиңген аялдар менен жаштардын жолугушуулары уюштурулат.

Обладминистрациянын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, Энелер күнүнө карата облустук жетекчиликтин атынан аймактагы эмгеги сиңген айымдарга белектер тапшырылат. Ал үчүн жуманын соңунда жергиликтүү бийлик акча каражатын бөлөт.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен май айынын үчүнчү жекшембиси Кыргызстанда Энелер күнү деп жарыяланган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG