Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:36

Түркия президенти Кыргызстанга келет


Август айында Түркиянын президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Бишкекте Түркия парламентинин тышкы маселелер боюнча комитетинин төрагасы Волкан Бозкыр менен жолугушууда айтты.

Волкан Бозкыр кыргыз тараптын мамлекеттик карызын кечүү жөнүндө келишим тиешелүү комитетте кабыл алынганын, эми жалпы жыйында ратификацияланаарын билдирди.

Кыргызстандын 51 миллион долларлык карызын кечүү жөнүндө макулдашууга былтыр 1-декабрда эки өлкөнүн президенттери Бишкекте кол коюшкан. Түркия президенти Абдулла Гүл анда Атамбаевдин инаугурациясына катышуу үчүн конок болуп келген.

49,2 миллион долларды Түркиянын Экспорттук-кредит банкы Кыргызстанга 1993-жылы товардык жана инвестициялык долбоорлорду каржылоого кредит түрүндө берген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG