Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

"Мен бийлеймин" фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды


Бишкекте "Мен бийлеймин" фестивалынын жыйынтыгы чыкты. «Locking» номинациясында кытайлык Gold, «Popping» боюнча кыргызстандык Алияр жана «Hip-hop» жанрында казакстандык Рекрут мыкты деп аталды. Ар бирине бир миң доллардан берилди. «B-boying» номинациясында жеңүүчү деп казакстандык Kill The Beat аныкталды. Ага үч миң доллар акчалай сыйлык тийди. Ал эми «Show dance» багыты боюнча 5 миң долларлык сыйлык кыргызстандык We’ll Be бийчилер тобуна тийди.

Фестивалды атактуу жаш бийчи Атай Өмүрзаков уюштурду. Ал өзү сахнадан кетип жатканын, мындан ары жаш таланттарды тарбиялай турганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG