Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Пакистандагы жарылууда эки адам набыт болду


Пакистанда бүгүн түштүк-батыштагы Куэтта шаарында машине жарылып, эки аскер набыт болду, бир нече киши жаракат алды. Куэтта – Балучистан провинциясынын борбору. Бул жерде полиция менен коопсуздук кызматтарына каршы чабуулдар көп болот. Өткөн аптада “Ал-Каида” менен байланышы бар делген “Лашкар-е-Жангви” Куеттада полициянын жетекчилеринин бирин атып кеткен эле. Бул топ Балучистанда шийи мусулмандарына каршы чабуулду уюштурганы белгилүү. Жикчил балуч козголоңчулары 2004-жылдан бери саясий автономияны, провинцияда өндүрүлгөн мунайдан, газдан жана минералдык ресурстардан түшкөн кирешенин көбүрөөк бөлүгүн талап кылып күрөшүп келатышат.

XS
SM
MD
LG