Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

Орусияда ачкачылык кармаган оппозиционер ооруканага жаткырылды


С.Удальцов 9-майда Москвада кармалган учуру
С.Удальцов 9-майда Москвада кармалган учуру
Орусияда оппозициялык активист Сергей Удальцов ден-соолугу начарлап кеткендиктен ооруканага жаткырылды. Оппозиционер абакка отургузулганына нааразылык иретинде алты күн мурда ачкачылык жарыялаган.

Удальцовду 9-майда оппозициянын жыйынынан кармап кетип, 15 күнгө абакка отургузушкан эле. Кечээ ага бир нече ирет “тез жардам” кызматын чакырышкан, бирок догдурлар аны ооруканага жаткырууга каршы болушкан.

Оппозиционердин санаалаштары болсо ачык катында Удальцовду ачкачылыгын токтотууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG