Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Кыргыз-казак чек арасында үч өтмө бекет бүгүн ачылбай калды


Бул тууралуу “Ак жол” өтмө бекетиндеги чек ара көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Абдыш Дүйшеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, казак тарап техникалык себептерден улам бекеттерди ачууну 20-майдан кийинкиге калтырды.

Бүгүн Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы кыргыз-казак чек арасында “Ак-Тилек”, “Кеген” жана “Кичи-Капка” өтмө бекеттери ачылмак. Бекеттерди ачуу тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин өткөн жумадагы Астанадагы ырасмий сапары маалында макулдашылган болчу.

Казак тарап Кыргызстан менен чек арасындагы 6 өтмө бекетти 2010-жылдагы коогалуу окуялардан кийин өзү жагынан жаап алган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG