Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

ЕБ Украинадагы футболду жапырт бойкоттоого чакырган жок


Бирок кызматташтык келишимин аягына чыгарууну кийинкиге калтырды. Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Брюсселдеги кечээги жыйындан кийин буларды айтты:

- Биз катышуу (саясий өкүлдөрдүн футбол чемпионатына баруусу) боюнча чечим кабыл алуу баскычында эмеспиз, бирок окуялардын өнүгүшүнө кылдат байкоо салып турабыз. Кийинки кадамды Украиндагы окуялардын өнүгүшүнө жараша карайбыз.

Оппозиция лидери, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкого түрмөдө жасалган начар мамилеге нааразылык иретинде Европанын келерки айга белгиленген футбол чемпионатынын Украинадагы бөлүгүн бойкоттошорун буга чейин Европанын бир катар лидерлери эскерткен.

Быйыл мартта Евробиримдик менен Украина саясий жана экономикалык интеграцияны кеңейтүү боюнча келишим долбоорун даярдаган

Биримдиктин тышкы иштер министрлери кечээги жыйында Украинадагы адам укуктарынын абалынын начардыгынан улам бул келишим боюнча иштерди алга жылдырууну токтото турууну чечти.

Бул аралыкта украин президенти Виктор Янукович кечээ Донецк шаарына барган учурунда өлкөдө адам укуктары жаатында проблемалар бардыгын моюнга алды, бирок Батыш Украинанын кемсинтпөөсү чоң мааниге ээ экендигин, буга ал жол бербесин белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG