Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

ЕБ каржы тармагын тейлеген өкүлдөрү Грецияны евроаймакта калууга үндөштү


Каржы мининистрлеринин Eurogroup тобунун төрагасы, Люксембургдун каржы министри Жан Клод Юнкердин Брюсселдеги кечээги жыйындан кийин билдиргенине караганда, алардын каалаганы - Грециянын евроаймакта калышы жана бул үчүн колдон келгендин баары жасалат. Бирок Греция толук кандуу иштеген өкмөткө муктаж.

Афинадагы саясатчылар болсо соңку парламенттик шайлоодон кийин коалиция курай албай жатышат. Сүйлөшүүлөр бүгүн да улантылары күтүлүүдө. Грецияны акыркы кырк жылда алмак-салмак башкарган эки партиянын бири - ПАСОКтун азыркы лидери Евангелос Венизилос кечээ буларды айтты:

- Кырдаал абдан татаал, мен анча деле оптимист эмесмин. Бирок грек эли берген мандатты ишке ашыруу үчүн биз аягына чейин жоопкерчилик менен күрөшүүбүз керек.

Эгер коалиция куроо боюнча сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктаса, Греция жаңы шайлоо өткөрүүгө аргасыз болот.

Европада азыр карызга баткан бул өлкөнүн бирдиктүү валюта аймагынан чыгышы ыктымал деген кеп-сөздөр күчөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG