Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:02

Оштун айрым айылдарын сел каптады


Өткөн түнү Ош облусундагы Кара-Суу жана Кара-Кулжа райондорунун айрым айылдарын сел каптады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, нөшөр жаандын айынан Кара-Суунун Шарк айылдык аймагынын Топ-Терек айылында сел жүрдү. Суу болжол менен 6 турак үйдүн короо-сарайларына жана там аркаларына кирген. Нөшөр жаандан сел Кара-Кулжанын Кара-Кочкор айылында да жүргөнү айтылууда. Жабыркагандардын так саны такталууда. (RK)
XS
SM
MD
LG