Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Илимий тажрыйбаны жаныбарларсыз өткөрүү жолу сунушталат


Бишкекте жаныбарларды колдонбостон илимий тажрыйба өткөрүп, студенттерди окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө атайын семинар өтөт. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Семинарды 23-майда Бишкекте кыргыз-орус Славян университети медицина факультетинин окутуучулары жана студенттери үчүн өткөрмөй болуп жатат. Негизги маалыматты эл аралык ИнтерНИЧ уюмунун адистери беришет. Ушундай эле семинар кийин Ошто да өтөт.

Жаныбарлардын жабыркашына, айрым учурларда өлүп калуусуна алып келген илимий тажрыйбалардын ордуна заманбап компьютердик программалар жана видеоклиптер сунуш кылынат.

Медицина, биология жана ветиринария тармактарында тажрыйба, сыноо иштери үчүн жаныбарлар кеңири колдонулаары белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG