Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

16-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
15-21-майда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
16-майда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26,
Баткенде түнкүсүн 8...13 күндүз 21..26 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9 градус, күндүз 18...23
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 18..23,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0..5, күндүз 14...19,
Тоолордо түнкүсүн -1...-6, ал эми күндүз 1..6 болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күн күркүрөшү мүмкүн. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 24...26 градус болот.

XS
SM
MD
LG