Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Бишкекте адам аткезчилигине бөгөт коюу маселеси талкууланууда


Бүгүн Бишкекте адам аткезчилигине бөгөт коюу маселесине арналган талкуу өтүп жатат. Ага өкмөттүн жана эл аралык, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Тышкы миграция департаментинин маалыматына караганда, былтыр адам аткезчилиги боюнча расмий түрдө 9 факт катталган. Аткезчиликтин курмандыгы болгондор айрыкча "ишеним телефондоруна" чалып, кеп-кеңеш, маалымат алышат. Былтыр Орусия, Казакстан, Эмираттар жана Түркияга мыйзамсыз жөнөтүлгөн 62 кыргызстандык мекенине кайтарылган. Адам аткезчилигине көбүнчө эмгек мигранттары кабылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG