Дүйнөлүк банк Кыргызстанда жеке секторду өнүктүрүү боюнча кыска жана орто мөөнөттүү стратегияны иштеп чыгууга техникалык жардам берет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Филипп Ле Уэрунун катышуусу менен өткөн жыйында айтылды.
Дүйнөлүк банктын адистери Кыргызстандын экономикасы боюнча атайын изилдөө жүргүзүп, өлкө алтын корунан, чет жакта иштеген эмгек мигранттары жиберген акчадан жана тышкы рыноктордон көз каранды деген жайынтыкка келишкен. Экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн өндүрүштү бекемдөө керек экени айтылган.
Филипп Ле Уэру Бишкекке иш сапар менен кечээ келген. Бүгүнкү жыйында ал Дүйнөлүк банк Кыргызстан өкмөтүн колдоорун, жеке сектордун ишин жандандыруу боюнча реформаларга жардам берээрин айтты.
Бул маалымат Дүйнөлүк банктын өкүлү Динара Акматбековадан алынды. (RK)